ИИМдин КМКнын ыкчам кызматкерлери Бишкектеги акча алмаштыруу бюросуна каракчылык менен кол салган шектүүнү кармашты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

2020-жылдын 11-июль күнү болжол менен саат 13:00до Бишкек шаарынын Октябрь РИИБге арыз менен 1967-жылы туулган Р.Н. аттуу жаран кайрылып, 2020-жылдын 11-июль күнү болжол менен саат 12:40 чамасында акча алмаштыруу бюросунун кызматкерине карата электрошокерди пайдаланып, физикалык күч колдонуп, кассага кирип, 10 000 АКШ долларына жакын акча каражатып ээлеп алган болжол менен 30-35 жаштардагы азият түспөлүндөгү белгисиз адамга карата тиешелүү чараларды көрүп берүүлөрүн суранган.

Ошол эле күнү аталган факты Октябрь РИИБдин кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Октябрь РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 202-беренесинин (каракчылык) негизинде сотко чейинки өндүрүш башталган. Алдын ала болжолдуу жүргүзүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө шектүү М.Б. бир нече жолу акча алмаштыруу бюросуна акчаны алмаштырган кардар катары кирип, акыркысында жүрөгү ооруган адамдын ролун аткарып, эшиктин алдындагы отургучта отуруп турууну суранган.

Кызматкер шектүүнү көчөгө чыгууга жардам берген. Ошол учурда кызматкер кайра акча алмаштыруучу бюрого кирип бара жатканда шектүү моюн тарапка электрошокер менен сокку уруп, сабап, андан соң темир кутудагы 10 000 АКШ долларына жакын акча каражатын алып, изин жашырып белгисиз тарапка качып кеткен. Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын ИИМдин жана Бишкек ШИИББдин Криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкерлеринин тыкыр иликтөөсүнүн натыйжасында гана аталган кылмыш ишине шектүү катары Чүй облусунун 1993-жылы туулган жашоочусу кармалды.

ИИМ билдирет, Кыргыз Республикасынын ИИМдин бөлүктөрү башка укук коргоо органдары менен тыгыз иштешип, өлкөнүн баардык региондорунда ыкчам кырдаалды көзөмөлдөшүүдө.