2020-жылдын 6-июлунан 12-июлуна чейинки аралыкта Жалал-Абад облусунун аймагында “МАК-2020” операциясынын алкагында өткөрүлгөн «Кара-Куурай» аталышындагы атайын ыкчам-иликтөө жана профилактикалык иш-чараларынын натыйжасында баңгизаттар менен байланышкан 4 кылмыш аныкталган.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын (БМЖККК) Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгы тарабынан ШРИИБдер жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары менен биргеликте жер-жерлерде баӊгизатын камтыган жапайы өсүмдүктөрү өскөн аймактарды аныктоо жана аларды жок кылуу максатында 105 атуулдан турган  8 жумушчу топ түзүлүп, 3,57 га жер аянтында өскөн, жалпы салмагы болжол менен 12,5 тонна  жапайы кара куурай өсүмдүгү жок кылынган.

Учурда Жалал-Абад облусунун аймагында баӊгизаттарынын мыйзамсыз жүгүртүлүүсүнө каршы күрөшүү жана баңгичиликтин алдын алуу максатында ыкчам-иликтөө жана профилактикалык иш-чаралар улантылууда.

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы