Түркия Коргоо министри Хулуси Акар Ереванга сөөмөй кезеп турган чагы. Бүгүн азербайжан куралдуу күчтөрүнүн жетекчилиги менен болгон өз ара сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Акар Хулуси: «Курман болгон азербайжан офицерлери үчүн Армения кун төлөйт»-деп убада кылган.

Белгилей кетчү нерсе, учурда Азербайжан Республикасынын Коргоо министринин орун басары, Аба күчтөрүнүн командачысы, Аскердик чалгындоо кызматынын начальниги жана азербайжан ракеталык-артиллериялык бөлүктүн командачылары Анкарада түрк боордоштор менен учурдагы армян-азербайжан кырдаалы боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшүүдө.