Бишкек шаарына Беларусь Республикасынан атайын каттам аркылуу коронавирус инфекциясы менен күрөшүү үчүн керектүү дары каражаттарынан турган жүк келет. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жүктүн жалпы салмагы 5 тонна 400 килограммды түзөт. Дары-каражаттары Минск шаарынан премьер-министр Кубатбек Боронов Евразия экономикалык бирлигинин Өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн учуп барган учак менен жеткирилет.