Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, белгилүү кинооператор Мурат Алиев 72 жаш курагында каза болду. Ал бүгүн, 17-июлда оор илдеттен көз жумганын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты.

Мурат Алиев жаш муундагы операторлорду тарбиялап келген. 1997-2002 жылдары Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунда окутуучу болуп иштеген. «Asian World Film Festival»(АКШ) үчүнчү фестивалында Мурат Алиевге “Дүйнөлүк кинематографка кошкон салым үчүн” аттуу сыйлык ыйгарылган.

Ал 1948-жылы 10-декабрда Нарын облусунда жарык дүйнөгө келген. 1979 жылы Бүткүл союздук Мамлекеттик Кино институтунун кино операторлук факультетин бүтүргөн.

Алиев отуздан ашык хроникалык-документалдуу тасмалардын оператору. Ал «Биринчи», «Фудзиямадагы кадыр түн», «Улуу жибек жолу», «Булут», «Петрарканы окуу», «Курманжан Датка» тасмаларында башкы оператор болгон. 2014-жылы Уфа шаарында өткөн фестивалда «операторлук чеберчилик» сыйлыгына ээ болгон. Казакстандык тасмаларды да тартып, «Келин» аттуу тасмасы үчүн 2010-жылы Нью-Йоркто өткөн эл аралык кинофестивалда (New York Eurasian Film Festival) «мыкты оператор» сыйлыгын алган. 2012-жылы «Чал» аттуу көркөм тасмада башкы оператор болуп эмгектенген.

Бул фильмден улам Мурат Алиев Кыргызстандан биринчи болуп Азия-Тынч океан киноакадемиясына мүчө болуп кирген.