Дүйнөлүк Саламаттык сактоо Уюму тарабынан бир сутка ичиндеги жаңы көрсөткүчтөр катталды.

ДССУнун берген маалыматы боюнча акыркы сутка ичинде 237 743 адам инфекция жуктуруп алса, бардыгы болуп 5 682 адам каза тапкан. Буга чейин мындай рекорддук көрсөткүч 12-июль күнү катталган жана анда 24 саат ичинде COVID-19 менен байланышкан 230 миңден ашуун учур катталган.

Ошентип, соңку сутка ичинде дүйнө жүзү боюнча 14 миллиондон ашык адам бул илдетти жуктуруп алгандыгы жана жалпы жолунан 600 миңге чукул адам каза болгондугу аныкталды.