АКШ президенти Дональд Трамп америкалык жарандардын бардыгынын бет кап кийип жүрүүсүнө кызыктар эмес.

«Мен жарандарыбыздын белгилүү бир эркиндикке ээ болуусун каалайм. Жок, бет кап кийип жүрүшсө эле ушул нерсе өзүнөн өзү жок болуп кетет дегенге макул эмесмин. Өзүңүздөр жакшы билгендей бет каптар дагы ден соолук үчүн кандайдыр бир көйгөйлөрдү жаратат», — деген Трамп Fox News журналына берген маегинде.

Белгилей кетсек, Трамп пандемия башталгандан бери бет кап кийүүгө каршы пикирин билдирип келет жана буга чейин ал бир эл алдына бир гана жолу бет кап кийип чыккан.