Коронавирус жуккан бир да адам жок деп ырастаган  дүйнөдөгү бир нече мамлекеттердин бири-Түркмөнстан .

Бирок, ушул жумада президент Гурбангулы Бердымухамедов жалгыз өзү балык уулап жүргөндө, жергиликтүү телеканалдан биринчи жолу бетине бет кап  кийгенин көрүүгө болот.

Маалымат каражаттары белгилегендей, президент өзүн » чаңдан» коргоо үчүн беткап кийген.

Балык уулоо ийгиликтүү өткөндөн кийин, президент балдар үйүнө балык алып барган. Тасмадан беткап  кийип жүргөн балдар тартылган.

Аталган өлкөдө бет кап кийүү жана социалдык аралыкты сактоо эрежелери ушул жумада  күчүнө кирген. Ресторан, кафелер жана базарлар жабылган.

Түркмөнстан, Түндүк Корея сыяктуу, алдын алуу чараларын көрүп, өз өлкөсүндө инфекциянын бар экендигин тааныбайт.