Америкалык Fox News маалымат каналынын билдирүүсү боюнча вирустун адамдарга жарганаттардан жугуусун изилдеп келе жаткан Кытай жетектөөчү окумуштуусу Ши Чжэнли жаңы коронавирус бул көрүнгөн «айсбергдин чокусу гана» экендигин, келечекте адам баласы алда канча олуттуу көйгөйгө кириптер болорун жар салган.

COVID-19 пандемиясы учурунда атактуулукка жеткен Ухань вирусология институтунун окумуштуусу Ши Чжэнлинин оюу боюнча эгерде вирустун келип чыккан табиятын тыкыр изилдөөгө албаса, кооптуу инфекциялардын таралышы такай мүнөзгө ээ болот.

Белгилей кетчү нерсе, жүргүзүп келе жаткан изилдөөлөрү үчүн эл арасында Ши Чжэнли «учуучу жарганат аял» деген каймана атка ээ болгон.