Кытай Тышкы иштер министри Ван И Росссия ТИМ башчысы Сергей Лавров менен телефон аркылуу сүйлөшүү учурунда АКШ акылынан ажырап, ойго келбеген кадамдарга бара баштаганын өкүнүү менен билдирди.

«АКШ өз милдеттемелерин башкалардын моюнуна илүү менен, тилекке каршы пандемияны башка өлкөлөрдү дискредитациялоо жана өз күнөөсүн башкаларга оодаруу үчүн пайдаланууда. Эл аралык мамилелерге өтө текебер мамиле жасап, буга чейинки жетишилген бардык макулдашууларды жокко чыгарууда.

Ошентсе да, Кытай АКШнын мындай ыплас саясатына аралашпайт жана ага жооп катары өз мыйзамдуу кызыкчылыктары менен өлкө аброюн чечкиндүү түрдө коргойт»,-деп билдирди зВан И.