17-июлда микрохирург Бакыт Өмүрзаков каза тапты. Маркумдун жакындары ал пневмониядан улам каза  болгонун кабарлашты.

Өмүрзаков акыркы жылдары жеке менчик клиникасында пластикалык хирург катары иштеп жүргөн. Ал 18 жыл Улуттук госпиталдын микрохирургия бөлүмүндө иштеген, андан кийин Улуттук педиатрия борборунда пластикалык микрохирг болуп эмгектенип, Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда наристелердин тубаса кемтиги хирургия бөлүмүн жетектеген.

Өмүрзаков «хирургия» адистиги боюнча илим кандидаты болгон жана 2012-жылдан бери «Балдарда гемангиомду дарылоонун заманбап ыкмалары» темасынын үстүндө иштеген.