Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев кечээ, 19-июлда Бишкек шаарындагы стационарлардын биринде ыктыярчы-медик кызматын аркалап жүрүп, бул дүйнө менен коштошкон И.Ахунбаев атындагы КММА студенти Адинай Мырзабекованын үй-бүлөсүнөн кабар алып, Куран окуду. Бул тууралуу Муфтияттан билдирди.

Азирети Муфтий Адинай Мырзабекованын ата-энесине, туугандарына, досторуна терең кайгыруу менен көңүл айтып, Адинай өзүнүн эли, жери жана мекени үчүн ак кызматын кылгандыгын баса белгилеп, анын үй-бүлөсүн сабырдуулукка, кайраттуулукка чакырды. Ошондой эле Азирети Муфтий жакын санаалаштары менен биргеликте Адинай Мырзабекованын ата-энесине 200 миң сом акчалай жардам көрсөттү.

«Алла Тааладан жакшы тилек, жакшы үмүт кылыңыздар. Алла Таала ыйык Курандын «Анфал» сүрөсүнүн 46-аятында: “Сабырдуу болгула. Чындыгында, Алла сабырдуулар менен бирге”— деп айткан. Ыймандуулардын бардыгы бейиште жолугат. Жашоо ушундай тура, Алла Таала берип дагы, алып дагы сынайт. Адинай карындашымдын мекен үчүн кылган кызматы, бул анын баатырдыгы. Азыр ак халатчан дарыгерлерибиз, ыктыярчыларыбыз адам өмүрү менен күрөшүп, өздөрүнүн ден соолуктарына карабастан күнү-түнү кызмат кылып жатышат. Бул чоң эрдик жана баатырдык»,-деди Азирети Муфтий.

Муну менен катар Азирети Муфтий учурда өлкө боюнча мекенибиздин тынчтыгы, элибиздин амандыгы үчүн түлөөлөр өткөрүлүп, Куран хатым кылынып жаткандыгын айтып, мамлекетибиздин бүтүндүгү, элибиздин саламаттыгы, ооруп жаткандардын тез арада айыгып кетүүсү үчүн дуба кылды.

Эске сала кетсек, Адинай Мурзабекова 16-июлда, борбор калаадагы стационарлардын биринде ыктыярчы-медик болуп иштеп жүрүп каза болгон. Ал И.Ахунбаев атындагы КММА студенти болчу.