Күн сайын «Семетей» госпитализация пунктунда (мурдагы «Ганси» авиабазасы) жайгаштырылган бейтаптарга, тартылган медицина, ИИМдин кызматкерлерине ар тараптуу камсыздоо иштери уланууда. Тактап айтканда, 3 маал ысык тамак, гигиеналык каражаттар менен камсыздоо жана башка иштер жүргүзүлүп жатканын ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Аталган аймакта аткарылган иштер:
-күнүгө дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүүдө;
-күнүгө бир маал тиричилик жана медициналык таштандыларды чогултуу, чыгаруу жана жок кылуу иштери уюштурулган;
-коммуналдык системаларынын иштеши көзөмөлдөнүүдө;
— корпустарга кошумча кислород системасын орнотуу;
— жандандыруу бөлүмүмүнө автономдук электр булагы жана кондиционерлер орнотулду. Ошондой эле учурда 2 дарыкана иштеп жатат, кошумча дагы 3 дарыкана орнотуулуда.