АКШ полициясынын берген маалыматына ылайык Америка шаарларында курал колдонуу менен байланыштуу киши өлтүрүүлөрдүн саны кескин өскөн. Эксперттер муну Covid-19 эпидемиясы жана экономикалык кризистен улам келип чыккан кырдаалга байланыштуу дешүүдө.

Эпидемия учурунда америкалык шаарлардагы полициялар бир гана каршылык акциялары менен социалдык баш аламандыктарга эмес, ошону менен катар жаңы көйгөйлөргө, атап айтканда зордук-зомбулук коштогон кылмыштарга, ок атуучу курал колдонуу менен болгон киши өлтүрүү фактыларына туш болушууда. Эксперттердин айтуусунда иштеп жаткан жумушун жоготуу, жакындарынын өлүмү жана социалык турмуштагы чектөөлөр коомдогу агрессияны күчөткөн.

Көйгөй өзгөчө кирешеси аз, этникалык азчылыкты түзүшкөндөр байырлаган райондордо күч алууда. Олутуу кылмыш санынын өскөндүгү тууралуу маалыматтар АКШнын көптөгөн райондорун кучагына камтыган. Чикаго менен Нью-Йорк шаарларында абал оор экендиги айтылууда. Маселен, Нью-Йорк шаарында жыл башынан бери 634 инцидент орун алса, Чикаго шаарында жыл башынан бери 385 адам атып өлтүрүлгөн.