Washington Post и ABC News басылмасынын сурамжылоосуна ылайык АКШнын мурдагы вице-президенти жана президенттик шайлоого Демократиялык партиянын ишенимдүү келе жаткан Жо Байдендин популярдуулугу Дональд Трамптан 15%га көптүк кылат.

Каттоого алынган шайлоочулар арасында өткөрүлгөн сурамжылоолорго ылайык Байдендин рейтинги 55%ды, Трамптыкы болсо 40%ды түзгөн.

Белгилей кетчү нерсе, сурамжылоо капысынан терилген телефон номуру аркылуу жүргүзүлүп, ага шайлоого укуктуу 1006 адам тартылган. АКШ президентин шайлоо ушул жылдын ноябрь айында өткөрүлөт.