Саламаттык сактоо министрлигинин расмий өкүлү Сима Садат Ларинин билдирүүсү боюнча Иранда коронавирустун каза болгондордун саны 14 миңге адам жетти.

Буга чейин Иран президенти Хасан Роухани өлкө коронавирустун экинчи толкунун баштан кечирип жаткандыгын жар салып, келе жаткан айларда Ирандын 35 миллион тургуну аталган илдетти жуктуруп алуусу мүмкүн экендигин кошумчалаган.

IRINN телеканалына берген маегинде Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү өткөн сутка ичинде 2182 жаңы учур катталып, 209 адам каза болгондугун белгилеген. Бүгүнкү күнгө карата Иранда 273 788 адам бул илдетти жуктуруп алса, 14 188 адам аталган илдеттен улам бул дүйнө менен кош айтышкан.