Россия Кыргызстанга 51 медицина кызматкерин жиберип, кесиптештери менен биргеликте коронавирусту жана жугуштуу пневмонияны дарылайт. Бул тууралуу республикалык штаб кабарлады.

Ошол эле учак россиялык дарыгерлер менен бирге Бишкекке дары-дармектер жана жеке коргонуу шаймандарын жеткирип берет.

Эскерте кетсек, буга чейин президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, Сооронбай Жээнбеков менен Россия Федерациясынын лидери Владимир Путиндин ортосунда бир катар келишимдерге жетишилген, анын натыйжасында Россия тараптын колдоосу менен пандемиянын кесепеттерине каршы күрөшүү боюнча биргелешкен иш-чаралар башталган.

Россия Федерациясы буга чейин Кыргызстанга коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүдө ПЦР тест комплекттери, дары-дармектер жана медициналык шаймандар, ошондой эле жеке коргонуу каражаттары менен достук жардам көрсөтүп келген.