Сауд Арабиясынын Королу Салман бин Абдель Азиз Аль Сауд оорууканага жаткырылды. Бул тууралуу Саудиянын Пресс агенттиги билдирди.

Падышага өттүн сезгениши диагнозу коюлгандыгы аныкталган. Салман медициналык кароодон өтөт.

Маалым болгондой, апрель айында Сауд Арабиясында падышалык үй-бүлөнүн 150дөн ашык мүчөсү коронавирус менен ооругандыгы кабарланган. Андан кийин 84 жаштагы Падыша Салман “Кызыл деңиздеги” аралдагы хан сарайда обочолонууга алынган.


2015-жылы январда мурунку падыша Абдулла дүйнөдөн кайтканда, азыркы падыша Салман тактыга келген.