Беларусь президентинин пресс-катчысы Наталья Эисмонт Беларуссия лидеринин ооруканага жаткырылышы тууралуу ушак-айыңдарды четке какты.

Маалыматка ылайык, Александр Лукашенко гипертониялык кризге кабылып, президенттик ооруканага жеткирилгени аталган өлкөнүн маалымат каражаттарында жазылган.

Бирок, президенттин пресс-катчысы Наталья Эисмонт Беларуссия лидеринин ооруканага жаткырылышы тууралуу ушак-айыңдарды четке кагып, Александр Лукашенконун жөн гана кан басымы көтөрүлгөнү маалымдалган. Учурда президент керектүү текшерүүлөрдөн өтүп жатканы айтылат.

«Жума күнү Лукашенко алгач Беларуссиянын борборунда ЕАЭБ өкмөттөр аралык кеңешинин отурумунда Мишустин менен жолугушту. Жолугушуу бир жарым саатка созулду. Андан кийин Беларусь лидери Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин, андан кийин Кыргызстандын премьер-министри Кубатбек Боронов менен жолугушууларды өткөрдү»,-деп айтылат маалыматта.