Бүгүн, ички иштер министри К.Джунушалиев онлайн кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Кеңешмеге Баткен, Ош, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Талас, Чүй облустук, Бишкек, жана Ош шаарларынын ички иштер башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын жетекчилери, ИИМдин Борбордук аппаратынын тиешелүү кызматтарынын башчылары катышты.

Негизги маселе кызматкерлердин ден соолугуна өзгөчө көңүл буруу, ар бир областта медицина бөлүмдөрүндө дарыланып жаткандарга толук жана ар тараптуу жардам көрсөтүү жана кошумча атайын стационарларды ачуу жана кызматкерлердин ден соолугуна, ардагерлердин саламаттыгына өзгөчө көңүл буруу жана ар тараптуу бардык жардамдар берилиш керектигин жана ушул багытта ишти колго алууда жана уюштурууда жергиликтүү жетекчиликтин жоопкерчилиги катуу болоорун эскертти.

Онлайн кеңешменин жүрүшүндө коомдук тартипти сактоо жана кылмыштуулук менен күрөшүүдө негизги проритеттик багыттарда ишмердүүлүктү күчөтүү багытында тапшырмалар коюлду. Мындай онлайн кеңешме ИИМде ар жума сайын өткөрүлүп коомдук тартипти сактоо багытында орчундуу маселелер талкууга алынып, тиешелүү чечимдер кабыл алынып турат.