Белгилүү саясатчы К.Ташиев илдет менен кантип алышып, бутка турганы туралуу жергликтүү каналдардын бирине айтып берди.

“Азыр мен акырындан өзүмө келип жатам. Бул оору өтө жаман экенин өз көзүм менен көрдүм, ошондуктан бул илдеттин алдын алуу керек экен. Элге кайрыларым, оору башталганда эле дарыгерлерге кайрылуу зарыл. Дарылоонун ар түрдүү ыкмасына көңүл бура бербестен, дароо дарыгерге кайрылуу туура экен. Себеби, мен командировкада 2-3 күн жүрүп, 6-7 күн үйдө жатып калдым. Ошондон улам илдетти жеңип чыгышым кыйын болду”, — деди Ташиев.

Өлкөдөгү оор абалды түшүнүп турганын айткан саясатчы ооруканаларда орун жоктугунан улам 3 күн кезек күтүп калганын билдирди.

“Биринчи күнү ЮРФАГА”бардым, ал жерде орун жок үйгө кетип калдым, экинчи күнү Улуттук госпиталга барсам эшиктерин чынжырлап байлап алган. Кезек көп, эч кимди кабыл албай койду. Эптеп келинчегимди жаткырышты. Мен үйгө жатып калдым. Үчүнчү күнү “Гансиге” бардым келинчегим менен чогу. Шарты жакшы эмес экен ал жерде. Бирок, келинчегимди таштап, мен кайра үйгө кетүүгө аргасыз болдум. Ошентип 4-5 күн кечигип жүрүп анан жаттым. Дарыланбай жүрүп кала турган болсо, оор кесепеттерге алып келе турганын өз башымдан өткөрдүм”, — дедиэкс-депутат.