ДССУнун маалыматы боюнча акыркы 24 саат ичинде дүйнө жүзү боюнча коронавирус илдетин жуктуруп алгандардын саны дээрлик 260 миң адамга жеттип, пандемия башталгандан берки рекорддук санды көрсөткөн.

Дүйнө жүзү боюнча коронавирустан каза болгондор 600 миң адамдан ашты жана анын дээрлик төрттөн бир бөлүгү Америка Кошмо Штаттарына таандык. Буга карабастан, башкача айтканда коронавирустан каза болгондордун саны өлкөдө 140 миң адамдан ашкандыгына карабастан АКШ президенти Дональд Трамп Covid-19 илдетинен каза болгондордун саны боюнча АКШ дүйнө жүзүндө акыркы орундарды ээлейт деген оюнан кайтпай келет.

Fox News гезитине берген маегинде Трамп Жонс Хопкинс университетинин берип жаткан маалыматтары чындыкка дал келбейт деп, алар берип жаткан статистикалык маалыматтарды кабыл алуудан баш тарткан.