Мурунку президент Алмаз Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошев Туу кайтарган аскерлерге боор ачыган кайрылуу жазды.  Бул тууралуу ал өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына:

«Ала-Тоо» аянтында эртеден кечке Кыргызстандын желегин кайтарып турган эки жоокерге азыр бир топ эле кыйынчылык жаралыптыр. Себеби кечке бет кап тагып турушат экен. Алардын жанына эч ким деле барбайт, бет кап тактырбай эле койсо болмок экен. Себеби бет кап менен дем алуу кыйын да. Алар дагы бирөөнүн балдары», — деп жазган ал.


Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу «Ала-Тоо» аянтындагы жоокерлер да бет кап кийип турууда. Ал эми Бишкек шаарындагы күндүн ысыгы 35 градуска чейин жетүүдө.