Ата-энемден эрте ажырап жетим чонойгом, алардын мээримин көрбөдүм. Эки байкем бар, Кудайга шүгүр алар өздөрү менен өздөрү. Мен 20 жашымда турмушка чыктым. Күйөөмдүн ата-энеси мени теңине алышпай жактырбай, акыры бизди ажыратып тынышты. Орто жолдо күйөөм эркектей болуп чечим чыгара албай кыйналып жүргөндө эмчектеги балам менен өз жолума түштүм.

Кудай берээрин унутпасын деп белимди бекем бууп, баламдын багып чоңойтуу үчүн жан далбастап иштедим. Акырындык менен өзүмө келип, балам бала бакчага барып кийин мектепке бара баштады. Орто жолдо жалгыз бой жүргөнүмө билинбей 8 жыл өтүп кетти. Артымдан жигиттер чуркап, сунуштарын айтып жүрүштү мен такыр аларга көңүл бөлбөй жүрө бердим.

Бир күнү бир жигит менен танышып калып, аны менен 2 жыл сүйлөшүп жүрдүк мени аябай сүйчү. Турмушка чыгышымды айтып келген соң мен ага мени канчалык сүй баламды өз балаңдай жакшы көрмөйүн сага тийбеймин деп сунушумду айттым. Үйүндөгүлөрдүн баарына балам деп таныштырды. Эч ким оозун ачып да сүйлөбөйт, өзү боксер балам экөө чогуу машыгуу залына барышат.

Мектепке, чогулушка барат. Кичине ооруп калса түндө кайра-кайра туруп карап келет. Баламда ата тарбиясын көрүп бир топ өзгөрүлдү. Өзүнүн атасын уккусу дагы жок. Жолдошум бир сөз менен айтканда аял затын сыйлаган адам. Башка аялдарга барып, аялын алмаштырган эркектер ит элесинер. Менин жолдошум айткандай «биз аялды өзүбүз тандап алабыз, досторубуз тандап бербейт ата-эне тандап бербейт. Бул биздин тандообуз. Эгер мен аялга кол көтөрчү болсом бул өзүмдү сыйлабагандык» дейт. Андыктан бири-бириңерди урматтагыла. Кыздар өзүңөгө ишенимдүү болмоюнча күйөөгө шашылбагыла. Жашоодо ар бир адамдын түгөйү табылат.

Мээрим.