Президент Сооронбай Жээнбеков ыктыярчылар кыймылынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүүнү көздөп жатат. Ыктыярчылар социалдык тармактарга өлкө башчы менен жолугушуу 21-июлга пландалганын жазышты.

Президент ыктыярчылар менен коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү чаралары, инфекциянын очогунда иштеп жаткан медицина кызматкерлерине жана бейтаптарга жарандык активисттер тарабынан көрсөтүлүп жаткан жардам тууралуу талкуу жүргүзөрү күтүлүүдө.

Президенттин басма сөз кызматы жолугушуу боло турганын тастыктады.