Жеке ишкер Каныбек Туманбаев жакынкы күндөрү тартыш болуп баасы асман чапчыган илдетке каршы сайылуучу «Клексан» жана «Арбидол» дарыларын элге бекер тараткан. Ар кандай ача пикирлердин жаралуусуна себеп болгон, Каныбек Туманбаев жеке баракчасына билдирүү таратты.

Ааламга келген апаат анын да үй-бүлөсүнө келгенин айтып, журт башына түшкөн сыноону башынан өткөрүп, эл сыяктуу кыйынчылыктарды тартканын жазды.

“Ассалом алейкум!

Бүгүн биз, жер шаарын каптаган апаат күндөрү бүткүл адамзат бир тууган болдук. Элдер ортосундагы согуштар, жаӊжалдар токтоду. Адамзаттын баары – “Коронавирус” деген душманга каршы бирикти. Анын ичинде алакандай Ала-Тоолук кыргыз элим дагы биримдикте илдетке каршы күрөшүп жатат.

Башкаларга келген сыркоо мага, үй-бүлөөмө дагы тийди. Анын сыноосун башымдан өткөрүп, башкалар сыяктуу эле кыйынчылыкты көрдүм. Ушул азаптуу күндөрү жакшы адамдар, кайрымдуу инсандар мамлекеттин жүгүн жеӊилдетип, колдон келген жардамдарын берип жатышат. Мен дагы атуулдук парзымды аткарып, элде тартыш болуп жаткан “Клексан” жана “Арбидол” деген дарыларды алдырып, аны муктаждарга бекер таратып бердик. Жакынкы күндөрү дагы алып келүүнү пландап жатабыз.

Өлүм менен өмүрдүн тиреши болуп турган чакта, аз болсо дагы салым кошууну инсандык парзым деп эсептедим. Башка мамлекеттерден өмүргө өтө маанилүү болгон дары-дармектерди алып кетүү оӊойго турбайт экен. Президентибиз Сооронбай Жээнбековдун кийлигишүүсү менен алып келгенибизди белгилеп, ага ыраазычылыгымды билдиремин.

Бизден дары алып, ден-соолугу жакшырып кеткен көптөгөн жарандарыбыз ыраазычылыгын айтып, кат жазып жатышат. Алардын айыгып кетенин угуп, кубанычымда чек жок. Бүгүн, адамдын ден-соолугунан, амандыгынан кымбат эч нерсе жок. Сиздерге ден-соолук тилейм, биздин берген дары себеп болуп, Жараткан Аллах шыпаасын берсин деп дуба кылам!

Анан дагы белгилей кетчү жагдай. Биз, бул оорудан дарынын күчү менен эле эмес, жакшы сөздүн, позитивдүү ойлордун, үмүт берген чакырыктардын керемети менен дагы айыгабыз.

Жашырганда эмне, акыркы убакта негативдүү ойлор, жалган жалаа, курулай каралоо ушактар көп айтылып калды. Ансыз дагы аксап турган мамлекетти буттан чалып, бурчтан чыга калып, саясий кызыкчылыктарын ишке ашыргандар арбыды. Кимдир бирөөнүн кадырын оӊой эле тебелеп, адепсиздик менен коштолгон кайрылуулар, диванда отуруп алып элди түркүн ойго жетелген бузукулуктар кадыресе көрүнүшкө айланды. Мунун жыйынтыгы жакшылыкка алып барбайт, ыркыбызды бузуп, ынтымагыбызды кетирет. Өмүрлөрдү сактап калууга салым кылып, жакшылык ишке шашылалы. Жок дегенде жакшы сөз айтып, а болбосо жаман сөздү ичке катып коюп салым кошолу. Жаман сөздү айтпай коюу дагы чоӊ жардам, чоӊ салым!

Бул илдет балким биздин адамдык баалуулуктарыбызга кайтып келсин деген сыноо болуп жүрбөсүн? Дарттын дабаасы – биздин ынтымагыбызда болуп жүрбөсүн?

Бир туугандарым, мекендештерим, келгиле кыргыз кыйналып жаткан учурда башканы коюп, ынтымакты айталы. Бузукулукту коюп, жакшы тилектер, жаркын үмүттөрдүн алдында биригели. Ооруп, Аллахтан шыпаа тилеп, башкалардан үмүт кылып жаткан бир боорлорубуз дагы жакшы сөз уккусу келет. Алар интернетти окуп, сыртта болуп жаткан окулардан кабардар болушат. Ошол маалда биз саясатты сүйлөп, бири-бирибизди каралап, мамлекетибизди жамандап отурсак, бейтаптарга оор тийбейби?! Алардын үмүтү өчүп, ден-соолугу начарлабайбы?!..

Убакыт келет, сындашып, чырдаша турчу учур эмес. Азыр биз — азапка салган Коронавируска каршы биригели! Вирустун вакцинасы бар – ал ынтымак, биримдик жана жаркын үмүт!»”-деп жазды жеке ишкер.