Соцтармак аркылуу бир адам менен таанышып калдым. Жөнөкөй жакшы инсан эле. Тагдырдын буйругу менен 4 жылдан бери балалуу болбой келген үй-бүлөө экен. Мен ажырашкам дегенди укканда жакын санаалаш катары сүйлөшө баштады. Мага турмушка чык төрөп бер деген сөздөрдөн эч тажачу эмес эле. Аялы Бактыгул да мамилебизди кубаттап «төрөп бериңиз мен эрими «ата» статусуна жеткире албайт окшойм» деп ачык айтты. Бирок мен «эр бермек жан бермек ойлонуп көргүлө» десем биз макулбуз деп бир чечимге келгенин, экинчи аял болуп жашаганга көндүрдү. Арадан көп өтпөй Медер экөөбүз жолуктук….. Мага бала керек түшүн деп туруп алды.

Жолугуп үйгө кайттым аялы чалып эже УЗИден келдим боюмда бар экен деп чалып сүйүнгөнүн жашырган жок. Алардын кубанычына 4 жыл күткөнүнө мен да кошо сүйүндүм. Бирок менин да боюмда болуп калса эми кандай болот деп санаркап жүрдүм. Медер ошол кубанычтуу кабардан кийин мен эмне ичип, эмне кылып жатканым сураганга дагы жараган жок. Абдан өзгөргөн чалбайт чалсам албайт аны да туура түшүндүм. Аялы да чалып кабар албай койду. Адам баласына жакшылык кылган сайын бой көтөрүү сезими күч алып кетеерин ошондо түшүндүм.

Өзүмдү-өзүм жемелеп ушул нерсе керек беле мага балага зарбыз десе макул болуп экинчи аял болуп төрөп берем деген сөздөрүнө алдандымбы деп кыйналып жүрдүм. Арадан 1ай да өттү боюмда бар экени билинди. Медерге чалып эми кандай кылабыз десем өзүн бил ден соолугун көтөрсө төрө болбосо өзүң бил деп койду. Силерге керек эмес экен анда алдырам кел УЗИге десем да колу бош эместигин айтып менден алыстай баштады.

Билем аялыңдын боюнда бар менчи ким үчүн төрөп бактылуу кылам деп жүрдүм эле… Мен эми эмне кылсам? Кеп-кеңеш күтөм.