Дүйнө жүзү боюнча коронавирустан каза болгондор 600 миң адамдан ашты жана анын дээрлик төрттөн бир бөлүгү Америка Кошмо Штаттарына таандык. Көп мамлекеттерде ооруну оздуктоодо колунан келген аракетин көрүп, бир катар чектөөлөрдү, айып пул жана мыйзамдарды иштеп чыкты. Окумуштуулар болсо азыркы маалда дүйнөнүн ондон ашуун аймагында вируска каршы дары-дармекти сыноодон өткөрүп жатканын айтып келишет. Ал эми экономикалык жактан алып караганда алдыңкы аралыкта чоң сыноолор күтүп тургандай. Алсак, Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУнун) баш катчысы Антонио Гутерис бүгүн коронавирус пандемиясынын планетада экономикалык жана социалдык тең салмаксыздык көйгөйүн күчөткөнүн айтып, коңгуроо какты. Анын белгилөөсүндө пандемия дүйнөнү алсыздыгын көрсөтсө, экономикалык жоготуулар дагы дүйнө элин түйшүккө салгандай.

«Микроскопиялык вирус чындыгында тизе бүктүрдү. Пандемия дүйнөнүн алсыздыгын ачык көрсөттү. Кризис биз ондогон жылдар бою көңүл бурбай келген тобокелчиликтерди аныктады: Ар кайсы өлкөлөрдө саламаттык сактоо системасынын жетишсиз өнүгүшү, социалдык коргоодогу кемчиликтер, структуралык теңсиздик, айлана-чөйрөнүн начарлашы, климаттык кризис ж.б. Жакырчылыкты жоюуда жана теңсиздикти кыскартууда чоң жетишкендиктерге жетишкен аймактар бир нече айдан кийин артка чегинди”,-деди ал.

БУУнун Башкы катчысынын айтымында, дүйнө Экинчи Дүйнөлүк Согуштан кийинки эң терең глобалдык экономиканын начарлашын жана 1870-жылдан бери дүйнө калкынын кирешелеринин эң төмөндөшүн баштан кечирип жатат. Пандемия дагы 100 миллион адамды жакырчылыкка алып барышы мүмкүн жана ачарчылык тарыхый пропорцияларга жетиши мүмкүн.

«COVID-19 биз курган коомдун назик скелетиндеги жаракаларды көрсөткөн рентгенге салыштырылат. Биз каталарды жана калптарды бардык жерде ачык-айкын көрөбүз. Эркин базар экономикасы баарына медициналык жардам көрсөтөт деген калп нерсе. Биз расизмсиз дүйнөдө жашап жатабыз деген жаңылыштык «баарыбыз бир кайыктабыз». Ооба, баардыгыбыз, каймана мааниде айтканда, бир деңизде сүзүп жүрөбүз, бирок ушул тапта айрымдар супер яхтада эс алып жатышат, ал эми айрымдары өтүп бара жаткан кыйроолорго аргасыз болушат «, — деп жазат  мекеменин расмий сайты.

Кандай болгон чакта дагы ар бир мамлекет COVID-19 менен күрөшүүдө экономикалык тоскоолдуктарды дагы жеңип чыгышы керек. Ал тоскоолдуктарды жеңүүдө биринчи кезекте мамлекеттин башында тургандар ойлонуп, элдин социалдык чыңалуусуна жеткирбеши керек дешет адистер.