”Манас” эл аралык аэропорту” ААК КР Саламаттык сактоо министрлигине 1 780 000 сом суммасына “Гемос-ПФ” плазмаферезин сатып алууга финансылык жардам көрсөттү.

“Гемос-ПФ” плазмаферези бейтаптардын канын экстракорпоралдык тазалоо процедураларын жүргүзүү үчүн арналат жана акыркы эл аралык стандарттарга жооп берет, ал эми аны Кыргызстандын ооруканаларында пайдалануу кымбат баалуу медикаменттердин сарпталышын азайтып, бейтаптардын интенсивдүү терапия бөлүмдөрүндө көпкө чейин калуусун жана жалпы дарылоо мөөнөтүн кыскартып, өлүмдүүлүктү азайтууга көмөктөшөт.

Бүгүнкү күнгө карата “Гемос” аппараты КМШнын 780ден ашык медициналык уюмдарында колдонулат, бул дарылоонун жогорку натыйжалуулугунан кабар берет.