Билим берүү жана илим министрлиги 2020-2021-окуу жылына карата даярдыктарды Антикризистик планга ылайык жүргүзүүдө. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мекемеден кабарлашкандай, түзүлгөн эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен жаңы окуу жылынын биринчи чейректеги окуу процессин аралыктан уюштуруу үчүн даярдыктар көрүлүп жатат.

«Эгер айрым аймактарда коронавирус илдетинин жайылышы кооптуу эмес деген санитардык-эпидемиологиялык кызматтардын чечими чыкса, анда ал региондогу мектептерде окуу процесси өзүнчө каралат. Ошондуктан Билим берүү жана илим министрлиги мектеп мугалимдерин, окуучуларды, ата-энелерди азыртадан аралыктан билим берүү процессине даярдана бериши керек деп эсептейт»,-деп айтылат билдирүүдө.

Министрлик ишендиргендей, кырдаал жакшы жагына өзгөрсө, окуучулар мектепке келип билим ала баштайт.

Аралыктан окутууга теле сабактардын жаңы бөлүктөрү тартыла баштады. Сабактар мектепке чейинки жана мектептеги билим берүүнүн бардык деңгээлдерин камтыйт. Окуу китептери электрондоштурулуп, алар учурда kitep.edu.gov.kg платформасына жайгаштырылып жатат. Аралыктан билим берүүнүн өркүндөтүлгөн технологиялары кеңири колдонууга алынат.

Быйыл мартта башталган коронавирус пандемиясынан улам Кыргызстандын жогорку окуу жайлары жана мектептери төртүнчү чейректи аралыктан бүтүргөн. Айрым ата-энелер жаңы окуу жылында жок дегенде башталгыч класстарга кадимки режимде билим берилиши керектигин жазып айтышууда.