Жакынкы бир саат аралыгында Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө катуу шамал катталышы мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

«Кыргызгидрометтин билдирүүсү боюнча, жакынкы 1 саат аралыгында жана кечинде Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө ылдамдыгы секундасына болжол менен 15-20 метрге жеткен шамал катталышы мүмкүн», — деп жазылат маалыматта.