Америкалык рэпер жана АКШ президенттигине талапкер Канье Уэст расмий түрдө өз шайлоо кампаниясына старт берип, Чарльстондо (Түштүк Каролина штаты) шайлоочулар менен жолугушуу өткөрдү. Reuters басылмасынын билдирүүсүнө караганда аталган иш-чарага 200 адам чогулган.

Шайлоочулары алдында чыгып сүйлөгөн сөзүндө Уэст АКШнын кара денелүү калкы жана аялдардын бойдон алдыруулары өңдүү маселени көтөргөн. Ошондой эле, бир кездерде ата-энеси аны дагы бойдон алдыруу тууралуу ойлонушкандыктарын, эгерде ал ишке ашып кеткенде дүйнө жүзүндө Канье Уэст деген белгилүү рэпер болбой калгандыгын айтып жашыган.

Мындан сырткары, аялы Ким Кардашьян дагы тун баласын бойдон алдыруу тууралуу ойлонуп жатканда Кудай келип, бул оюнан баш тартуулары керек экендигин айтып, баланы сактап калгандыгын эскерген. Каньенин оюу боюнча бойдон алдырууларга каршы чыгууга болбойт, бирок ошол эле мезгилде жаңыдан түтүн булаткан жаш жубайларга бул багытта түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана жарык дүйнөгө келе жаткан наристелердин өмүрүн сактап калуу абзел.