Бакай-Ата районунун Түйтө айылынын уулу, ишкер Улан Сырдыбаев коронавирус пандемиясы учурунда Талас облусуна бир топ жардам берип жатат.

Талас облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиевдин айтымында, кайдыгер эмес адамдар элге жардам берип жатат.

«Бул илдет менен күрөшүүдө биздин облустун уул-кыздары өзүнүн колунан келген жардамын эл үчүн деп берип жатышат. Алардын бири – Таластын кулуну Улан Сырдыбаев. Ал пандемия башталган кезде заманбап медициналык жабдыктары менен 2 тез жардам унаасын алып келип берген. Ал тез жардам унаалары Талас облустук биргелешкен Ч.Мамбетов атындагы ооруканасына, бири Бакай-Ата райондук ооруканасына берилген. Андан кийин дары-дармек керектүү жабдыктарды алуу үчүн 1,5 млн сом берди. Бүгүн минтип ар бир районго, Талас шаарына эң керектүү деген «Оксапар», «Клексан» дарыларанан 2500 даана тапшырды. Бул биздин элге чоң жардам. Тез жардам унаалары, медициналык дары-дармектер канча деген адамдын өмүрүн сактап калып жатат. Бардык демөөрчүлөргө ыраазычылык билдиребиз», — деди ал.

Бакай-Ата районунун акими Чолпон Төрөкуловдун айтымында, Улан Сырдыбаев милиционерлерге да кызматтык унаа алып берди.

«Биздин райондо пандемияда эл үчүн күндүзгү стационарлар ачылып, алдынала медициналык жабдыктар менен даярдап баштаганбыз. Уул-кыздарыбыз четте калбай, баары кол кабыш кылып жатышат. Түйтө айылынын кулуну Улан Сырдыбаев райондун элинин саламаттыгы үчүн кам көрүп, жардам берип жатат. Райондук ооруканабызга тез жардам унаасын, Бакай-Ата райондук ички иштер бөлүмү үчүн кызматтык унаа алып берди. Райондун 9 айыл өкмөтүнө керектүү жабдыктарга, дары-дармектерге 1 млн сом каражат тапшырды. Айыл өкмөттөр өз алдынча акылдашып, ал каражаттын ичинен райондук ооруканага дагы бир тез жардам унаасын алышты. Калган каражаттаргп айылдардагы күндүзгү стационарларга керектүү дары-дармек, койкаларды алышты. Биз элине күйүмдүү уул-кыздарыбыз менен сыймыктанабыз», — деди аким.



Булак: Турмуш