Россиядагы кыргызстандыктар Бишкек шаарынын мэриясына 524,000 рублге дары-дармек алып беришти. Бул тууралуу борбордук муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматта айтылгандай, каражат «Табарман» коому жана «Садовод» соода борбору тарабынан топтолгон. Бардык уюштуруу маселелери, материалдык-техникалык жана транспорттук чыгымдарды Кыргызстандын Россиядагы элчилиги колго алган.
Мындан тышкары, Россия Федерациясындагы Кыргызстандын элчилигинен 100 таңгак “Клексан”, 100 таңгак “Гепарин”, 100 каннула жана бир жолу колдонулуучу шприцтер муниципалитетке өткөрүлүп берилди.

«Жардам шаардык саламаттыкты сактоо бөлүмүнүн талабы боюнча шаардык эпидемияга жана эпизоотияга каршы комиссиянын отурумунда таратылат», — деп кошумчалады мэрия.