АКШ конгрессинин эл өкүлөр палатасы президент Дональд Трамптын администрациясынын ядролук сыноолорду өткөрүүсүнө жолтоо болуу максатында Коргоо бюджетине оңдоолорду киргизди. Мунун негизинде ядролук сыноолорду өткөрүү үчүн буга чейин бөлүнүп келген бюджет көлөмү кыйла кыскармакчы.

Аталган мыйзам долбоору үчүн 227 сенатор добуш берген. Конгрессмендердин айтуусу боюнча бул мыйзам АКШнын ядролук сыноолорду өткөрүүсүнө бөгөт коюп, ошол эле учурда Россия жана Кытай өңдүү өлкөлөрдүн жарыша куралдануусун алдын алат.