Дүйнөлүк Саламаттык сактоо Уюмунун регионалдык өкүлчүлүгүнүн маалыматына ылайык Африка өлкөсүндө жаңы түрдөгү коронавирус менен жабыркаган учурлардын саны 720 миңден ашып, ошол эле учурда 382 миң адам бул илдеттен айыккан.

ДССУнун соңку маалыматына ылайык Африка континентинде бардыгы болуп 721 187 адам илдет жуктуруп алса, 15 166 адам каза тапкан.

Аталган илдетти жуктуруп алуулардын саны көбүнесе ТАРда (364 328), Египетте (87 775), Нигерияда (36 663) жана Ганада (27 667) кездешет.