Бүгүн, 21-июлда Орусиядан Бишкекке эки учак менен медициналык жабдык, дары-дармек жана дарыгерлер келет. Бул тууралуу Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги билдирди.

Жардамды Орусиянын Коргоо министрлиги жана Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнөтүп жатат. Жалпы 100 дарыгер Бишкек жана Ош шаарындагы бейтапканаларда иштешет. Алар эпидемиолог, инфекционист адистер жана коронавирус илдетин дарылоодо тажрыйбасы бар.

Элчиликтин маалыматына ылайык, кайтарымсыз жардам эки өлкө президенттеринин сүйлөшүүсү менен ишке ашырылды.

Буга чейин кыргыз өкмөтү Орусия Кыргызстанга жардам иретинде жасалма дем алдыруучу 31 ИВЛ аппарат, 70 керебеттик монитор, беш көчмө рентген аппарат, алты ультра үн жабдуусун жана медицина кызматкерлери үчүн хирургиялык беткап жибере турганын жарыялаган.