Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан Россиянын ИИМнин тутумундагы жогорку окуу жайларында окуп жаткан курсанттарды алып келүү маселеси ишке ашырылды.

«COVID-19» коронавирус илдетинин жайылышына байланыштуу мамлекеттик чек аралардын жабылышы жана авиакаттамдарга чектөөлөр киргизилиши менен Россиянын ИИМдин тутумундагы жогорку окуу жайларда окуп жаткан Кыргызстандын курсанттары азыркы учурга чейин өз алдында учуп келишине мүмкүн болгон эмес.

Ушул жылдын июль айында аталган маселе Кыргыз Республикасынын ИИМдин жетекчилиги тарабынан «COVID-19» боюнча республикалык штаб менен биргеликте чечилип, «Авиа-Траффик Компани» авиакомпаниясынын жардамы менен курсанттардын учуп келишине шарт түзүлгөн. Ушуга байланыштуу, Россиянын аймактарында окуган курсанттар чоогу учуулары үчүн Москвага топтолушкан.
2020-жылдын18-июль күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгүнүн аракети менен «Домодедово» аэропортунан «Москва-Бишкек» каттамы боюнча 95 угуучу, анын ичинен 91 курсант, 4 адьюктант учуп келишти.
Жогорку билим алуу жана аттестациядан өтүү программасы боюнча угуучуларды мындан ары даярдоо дистанциондук билим берүү технологияларын колдонуу менен ишке ашырылмакчы.
Аталган рейс Республикалык штабдын макулдугу менен ишке ашырылгандыгын жана Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин алдындагы комиссиясы тарабынан түзүлгөн мекенине жарандарды ташуу боюнча чартердик рейске эч кандай тиешеси жоктугун белгилеп кетүү керек.

ИИМдин басма сөз кызматы