Теле алып баруучу Назира Айтбекова Фейсбуктагы баракчасына пост жазып, сүрөт киргизген. Анын бул жазгандары менен бассейнде тартылган сүрөтү социалдык тармакта талаш-тартыш жаратып, кызуу талкууга алынууда.


«Катынып, кымтынып, бекинип, жашынып жашайт жан. Алгач денеге жашынат. Сыртынан кийимге. Анын сыртынан бет кабына. Башка образга жашынат. Биз өмүр бою жашынып, келе жатабыз. Эмнеден улам? Коркобузбу? Кимден? Элдин оюнанбы? Эл жаман ойлоп калса эмне болот? Жан дүйнөңдө кыжалат болосуңбу? Эмнеге кыжалат болосуң? Сүйүлбөй калган үчүнбү? Башкаларга сүйүлүп, башкалардын көзүнө, көңүлүнө кирүү ошончо маанилүүбү? Өзүңө жагышчы? Сен өзүңө канчалык деңгээлде жагасың? Күзгүнүн алдында да, абийириңдин алдында жыпжылаңач чечинип алып, өзүңдү бир карап көрдүң беле? Өзүңө өзүң канчалык деңгээлде жагат экенсиң анан? Өзүң менен өзүң чындыкка чыктың беле? Каталарыңды эсептеп, моюндап көрчү? Биз өзүбүздөн иренжип, жашынарыбызды билет белеңиз? Биз өзүбүздү кабыл албаганыбыз, сүйбөгөнүбүз үчүн башка бирөөгө жагуу ушунча маанилүү! Уктуңуз беле? Сен өзүңдүн ким экениңди, эмнеге татыктуу экениңди, өзүңө канча баа берериңди так билгенде гана башканын ою менен эсептешпей каласың. Эй, адам баласы, жашынба! Чык бери! Абийириңди алдында чечин, жылаңачтан!

P.s. » Жылаңачтандым» деген сүрөт.”-деп жазган.