Бүгүн, 21-июлда президент Сооронбай Жээнбеков менен  ыктыярчылардын 12 мүчөсү жолукту. Жолугуудан соң, ыктыярчы, журналист Тынчтык Алтымышев Фейсбуктагы баракчасына жолугууда айткан сөзүн жана өлкө башчы терикпей укканын жазды.

7- кабаттагы 01-адам менен жолугушууда ушуну айттым:

Урматтуу Президент!

Кечээ, Сиздин Аппараттан Кыргызстандагы пандемияга каршы күрөштө ыктыярчы болуп иштеп жаткан активдүү жарандарга чакыруу түшкөндө бир топ ыктыярчылар “Президентке жолукканда эмне, айтканда эмне, баары бир эч нерсе чечилбейт” деген позицияда Сиз менен жолугушуудан баш тартышты. Сизге бул маалыматты жеткиришпесе керек.

Эми бизди уят кылбай, келбегендер бизди «,ии, айтпадым беле, бардыңар, айттыңар, ну-у? Эмне чечилди?!» дедирбей сунуштарды ишке ашырыңыз эми…

Мен Сизге коомдун үч катмарынан сунуштарды жана суроолорду айтканы келдим.

Ыктыярчы катары айтсам; Сиз башында турган кыргыз бийлиги КОВИД-19 илдетине даярдыгы өтө чабал экенин көргөздү. Обсервациялар жетишсиз, ооруканалар жарандарды кабыл албайт, дарыканаларда дарылар жок, элдер көчөдө, ооруканалардын оозунда, жолдо, үйүндө каза табышты. Ушул учурда биз Ыктыярчылар мобилдуу медиктердин ыктыярдуу топторун түзүп, миңдеген жарандарды үйүндө дарылап, алгачкы мед жардамдарды көргөзүп сактап калдык. Бирок, дээрлик 10 күн өкмөт, саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан жан адам ыктыярчылардан кабар алган жок, байланыш, колдоо болбоду. А балким биз туура эмес дарылап жаткан болсокчу?! Сиздер баалабаган менен дүйнө эли, коңшулар кыргыздардын ынтымагына суктанып бүтө элек. Пандемияда элди эл эле сактап калды. Сырттан дарылар, коргоочу кийимдер, акчалай жардамдар өтө көп келди. Ишкерлер таап келип кымбат саткан гепарин, клексан деген дарылардын өкмөт алигиче жетиштүү көлөмдө таба албай жатканына Сиз эмне дейсиз?

Баса, биз адам өмүрү үчүн учуп-күйүп жүрсөк, жолдо үч бутту, эки буттуу камералар, “КООПСУЗ ШААР долбоору ыктыярчыларга “катуу иштеп”, биздин ондогон айдоочуларга очойгон айып пул чыкты. Калктын саламаттыгы үчүн ушул мөөнөттөгү биздин ыктыярдуу айдоочулардын айып пулун кечип коюу анча маселе болбосо керек. Кыскасы, Ыктыярдуу жүздөгөн айдоочулардын, медайымдардын эрдиги, эмгеги эске алынышы керек деп эсептейм.

Медиктердин атынан айтсам; Президент мырза, азыр токтоосуз түрдө медиктердин коргоочу кийимдери боюнча ВОЗдун протоколун карап чыгып, дарыгерлерди сактап калышыңыз керек. Аба алмашпаган, денеге чапташкан, тулку бойду тумчуктурган коргоочу формалар 6-8 саат кызыл зонада вирус менен кармашкан дарыгерлердин ден соолугун алып бүттү. Алардын өтүгүнө суу толуп, организминдеги витаминдер тер менен агып, иммунитети түшүп, алсыз калган дарыгерлер ковид жукканда дароо өлүмгө дуушар болууда.

Ошондуктан, СИЗ-коргоочу формаларды дем алуучу пахтадан тигип, вирус жугуучу көз, ооз, мурун жана колду коргосок кантет? Мындан улам мен бүт дарыгерлердин витеминдөөнү, аларды сактап калууну сизге сунуштайм. Мына, ачык-жабыгы болуп 100гө чукул врачтар ковидден көз жумду. Алар тирүү болгондо миңдеген адамдар келечекте алардын колунан сакаймак.

Дагы бир көйгөй, өкмөт ажал менен арбашып, вирус менен кармашкан дарыгерлердин айлык маянасын кечиктирүүдө. 14 күн кызыл зонада иштеген дарыгерлерге болгону 32 миң сом, медайым, кызматкерлерге 26 миң сом каралса, Саламаттыкты сактоо министрлиги ФОМС деген органдар ушуну да кечиктирип жатат. 14 күн оорулуулар менен жашаган дарыгерлерде да үй жай, батир акысы, насыя төлөө, азык-түлүк алуу деген маселелер бар да.

Дагы бир сунуш-Бишкектеги Ысык-Көл мейманканасын толук ремонттоп, стационарга айландыруу керек. Кыш эки айдан кийин келет, 3-толкун башталса бүгүнкү спортзал, чайханаларга ачылган стационарлар токтойт. Жаңы оорукана салам дебей, даяр имараттарды пайдаланалы. Жаңы баштайбыз дегенде тез жардам унааларынан 300 миң доллар жоголгондой болот.

Эми элдин атынан айтсам; КОВИДдин айынан элдин басымдуу бөлүгү кредит-насыя маселесинен эзилип бүттү. Сиз өкмөткө сунуш бере аласыз, Улуттук банкка сунуш бере аласыз, өлкөдөгү баардык банктар кредиттердин мөөнөтүн орум-жыйым аяктаган ноябрь айына чейин узартып, үстөк пайыздарын өстүрбөй, тоңдуруп турушун сунуштаңыз. Азыр эл ачка, базарлар иштебей турат, жумушсуздук күчүндө. Эл санын этин кесип сатчудай абалдар турганда кредит саясатына бийлик көз салбаса болбойт.

Укканыңызга ырахмат, сунуштарды кагаз түрүндө таштап, өз мөөнөтүндө жооп талап кылаарымды эскертем. Ырахмат.

P.S. Эч ким эч жагалданган жок, эмоциялар менен ачуу чындыктар бүт айтылды. Ал киши териккен жок, чычалабады, укту, дээрлик баарына макул болду…