Кыргызстанда коронавирустан каза болгондор боюнча Аза күтүүнүн улуттук күнү жарыяланат. Бул тууралуу 21-июлда коронавирус шартында элге жардам берип иштеп жаткан ыктыярчылар менен жолугушууда мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков билдиргенин активист Эркин Рыскулбеков билдирди.

«Кесиптешибиз Венера Жуматаеванын «Фейсбуктагы» баракчама «Канча деген залкар адамдарыбыз өтүп кетти. Аза күтүү күнүн жарыялоо керек» деген сунушун президентке айттым. Президент жакынкы күндөрү жарыяланарын айтып, сөз берди«,-деди ал.

Эске салсак, бүгүн, 21-июлда мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков ыктыярчыларды кабыл алып, алардын сунуш-пикирлерин укту.  Жолугушууга ыктыярчылардын 12 мүчөсү катышты.

Маалым болгондой илдеттен каза болгондорду эскерип, коңшу мамлекет Казакстан 13-июль улуттук Аза күтүү күнүн жарыялаган.