Өлкөдө күз мезгилинде калкка акысыз вакцина саюу иштери башталат. Бул тууралуу бүгүн, 21-июлда премьер-министр Кубатбек Боронов маалымат жыйында кабарлады.

«Пандемиянын күз мезгилинде күтүлүп жаткан экинчи толкунуна каршы чараларды көрүп жатабыз. Алардын бири — курч вирустук респиратордук инфекция, сасык тумоо ооруларына каршы вакцинация жүргүзүү. Азырынча COVID-19га каршы вакцина жок болгондуктан, башка инфекциялык оорулардан сактанып турушубуз керек.

Калктын жакыр жашаган катмары, социалдык жардамга муктаж, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарыбыз бар, андыктан вакцинация акысыз жүргүзүлөт. Албетте ар кимдин каалоосуна жараша болот.

Мындан улам дүйнөлүк адистердин кеңеши менен калкка күз мезгилинде вакцинация жасайбыз. Биз вакцинага тапшырык берип койгонбуз», — деди Боронов.

Ошондой эле экинчи толкунга даяр болуу үчүн жетиштүү деңгээлдеги медициналык адистерди даярдоо иштери жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.

«Саламаттыкты сактоо министрлигине медициналык билими бар жарандар менен келишим түзүүгө уруксат берилген.

Коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүдө алган тажрыйбабызды эске алып, пандемиянын күз мезгилинде күтүлүп жаткан экинчи толкунуна бир вице-премьер министрди бөлүп берүүнү чечтик. Бардык жумуштар анын жетекчилиги астында болот», — деди Боронов.