Коронавирус оорусунун кесепетинен профессор, дарыгер-уролог Мамбетов Жаныбек Султанбаевич каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 21-июлда Улуттук госпиталдан билдиришти.

Ал 3 баланын атасы болчу.

Ж.Мамбетов 1961-жылы 26-июлда Ысык-Көлдөгү Тоң районунун Тоң айылында төрөлгөн. 1978-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтуна тапшырып, аны 1984-жылы аяктаган.

Эмгек жолу:

— 1985-жылы №1 шаардык ооруканада дарыгер-уролог;

— 1991-1996-жылдары Тоң райондук ооруканасында башкы дарыгер;

— 1996-2002-жылдары №1 шаардык оорукананын урология бөлүмүндө дарыгер-уролог, бөлүм башчы;

— 2002-жылдан тарта Улуттук госпиталдын №2 урология бөлүмүнүн башчысы, 2006-жылдан тарта урология кафедрасынын профессору;

— 2017-2019-жылдары Ош шаардык ооруканасында урология бөлүмүнүн башчысы;

— 2019-жылдан баштап өмүрүнүн акырына чейин «Мемориал Бишкек» клиникасында дарыгер-уролог болуп иштеди.

Ж.Мамбетов 115ге жакын илимий эмек, 1 монография жарыялады. Ал Дүйнөлүк урологдор ассоциациясынын, Кыргыз урологдор ассоциациясынын мүчөсү болчу.