АКШ Коргоо министри Марк Эспер жакынкы айларда Кытай Эл Республикасына барары мүмкүн экендигин билдирди.
«Кытай – тарыхы, маданияты бай жана өлкө. Биз алар менен кандайдыр бир араздашууларга баралы деп жаткан жокпуз. Башкача айтканда, биздин максатыбыз кытай эли менен конструктивдүү жана натыйжалуу мамилелерди түзүү. Жеке мен ар кайсы маселелер боюнча өзүмдүн кытайлык кесиптешим менен баарлаштым жана жыл аяктыгыча КЭРге барып келүү тууралуу ойго келдим», — деген Эспер конференциянын жүрүшүндө.

Белгилей кетсек, соңку мезгилдерде ар кандай объективдүү жана субъективдүү маселелерден улам КЭР менен АКШ ортосундагы мамилелер кескин начарлап кеткен.