Иран лидерди Али Хаменеи Ирак премьер министри Мустафа аль-Каземи менен Тегеренда өткөн жолугушууда америкалыктардын генерал Касем Сулейманини өлтүргөндүгүн Иран эч качан унутпай тургандыгын жана бул үчүн сөзсүз Америка өз айыбын тартаарын жар салды.

Эске сала кетсек АКШ күчтөрү тарабынан үстүбүздөгү жылдын 3-январында Багдад аэпортунун аймагында Ислам революциясынын сактоочуларынын Корпусунун атайын бөлүмүнүн башчысы генерал Касем Сулейманини, ошондой эле «аль-Хашд аш-Шааби» башчысынын орун басары Абу Махди аль-Мухандисти жок кылуу боюнча операция өткөрүлгөн.

Белгилей кетчү нерсе, өткөрүлгөн бул операциядан соң АКШ президенти Дональд Трамп жана Пентагон жетекчилиги аткылоолордун натыйжасында эч кандай курмандык болгон жок деп билдиришкен менен кийин соңунда атактуу генералдын өлтүрүлгөндүгүн моюнга алууга аргасыз болушкан.