Шаршемби күнү журналисттер менен болгон жолугушууда Дональд Трамп АКШда коронавирус менен байланышкан кырдаал начарлап кетиши толук ыктымал экендигин билдирди.

«Тилекке каршы, жакшыраардан мурда абал начарлап кетиши мүмкүн. Албетте, мен бул тууралуу айткым келбейт. Бул мени канчалык өкүндүрбөсүн, турмуш чындыгы ушундай болууда. Дүйнө жүзүнө көз чаптырып көргүлөчү, бардык жерде кырдаал дал ушундай өңүттө өтүүдө», — деди Трамп.

Белгилей кетсек, аталган илдетке байланыштуу өлүм көрсөткүчү боюнча АКШ дүйнө жүзү боюнча биринчи орунда турат, тагыраак айтканда COVID-19дан улам өлкөдө 140 миң адам каза болсо, бүгүнкү күнгө карата 3,8 миллион адам аны жуктуруп алган.