АКШ Мамлекеттик катчысы Майк Помпеонун билдирүүсү боюнча Америка «кытай коркунучуна» каршы күрөшүү боюнча коалиция түзөт.

«АКШ бардык эгемендүү мамлекеттер Кытай жана анын Коммунисттик партиясы тарабынан жаралып жаткан коркунучту сезе билип, ага карата олуттуу мамиле жасоосун каалайт… Ооба, бүтүндөй дүйнө жүзү эл аралык мамилелер системасын күтүү жана чыңдоо үчүн биргелешип аракеттенүүсү зарыл», — деди Помпео Лондондо өткөн пресс-конференцияда.

Ошондой эле, ал АКШдан кийин эле 5G стардант тармагын түзүүдө кытайлык Huawei компаниясынын жабдууларын пайдалануудан баш тарткандыгы үчүн Улуу Британияга ыраазычылык билдирди.