Нарын облусунун аймагында милиция кызматкерлери мобилдик топтор менен биргеликте жарандардын абалын жеринде текшеришет. Бул тууралуу Нарын ОИИБдин басма сөз кызматынан кабарлады.

Маалым болгондой, милиция кызматкерлери жөнөкөй тургундардан тышкары милициянын ардагерлеринен Нарын ОИИБдин алдындагы медицина кызматкерлери менен биргеликте кабар алышууда. Аларга азык-түлүк жана дары-дармектер дагы тапшырылып жатат.

Мындан тышкары бүгүнкү күндө милиция кызматкерлеринин арасында ооруп калгандарды дарылоо максатында Нарын ОИИБдин алдында күндүзгү стационар даярдалып жатат. Ал жай демөөрчүлөр тарабынан эки кычкылтек концентратору жана керектүү медициналык каражаттар, дары-дармектер менен камсыз болду.