Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы коррупциялык иштер жөнүндө ачык айтып чыгып таанымал болгон офицер Талгат Аланов жүрөгү токтоп каза болгонун билдирди.

«Чек ара кызматы оор жоготууга учурады — арабыздан эки аскер кызматкерибиз каза болгонун терең кайгыруу менен билдиребиз. Полковник Көкчө Жакыпбеков пневмониядан каза болуп, экинчи офицерибиз, подполковник Талгат Аланов кезектеги өргүүдө жүргөн жеринен алдын ала алынган маалыматтар боюнча жүрөгү токтоп каза болду», — деп жазылган маалыматта.

Мекеме каза болгон кызматкерлердин үй-бүлөлөрүнө көңүл айтуу менен ар тараптуу колдоо көрсөтүлөөрүн жазган.

Ош облусу боюнча башкармалыгынын улук офицери Талгат Алановдун жакындары 21-июлда 38 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайтканын билдиришкен