Афгандык 14 жашар Камар Гюль ата энесин өлтүрүп кеткен «Талибан» радикалдык кыймылынын эки согушкерин атып салды.

Өлкөнүн расмий өкмөтүнө колдоо көрсөткөндүгү үчүн атасын өлтүрүү максатында талибдер Горы провинциясында жашаган кыздын үйүнө кирип келишип, алгач атасын, андан соң күйөөсүн арачалап калууга аракет жасаган энесин атып салышкан.
Ушундан соң Камар үйдө катылуу турган АК-47 автоматын алып чыгып, эки талибди атып өлтүрүп, бир нечесин жарадар кылган. ММКлардын билдирүүсү боюнча учурда аталган кыз менен иниси коопсуз жайга жеткирилген.

Белгилей кетсек, Афганистанда бир нече жылдан бери өкмөттүк күчтөр менен «Талибан» радикалдык кыймылынын согушкерлери ортосунда өз ара тирешүүлөр басылбай келет.